Текст песни Аяна Касымова - Бу насыйкат
0 чел. считают текст песни верным
0 чел. считают текст песни неверным
Бул насыйкат, бул насыйкат, Бул насыйкат мага калган. Бул насыйкат сага калган, Калган керээз бабалардан. Өттү насыйкат, Тоолордон, талаалардан, ээ-эй. Ай кашканы азанатып, Ат жалына казан асып. Келген элдин тилеги бул, Улуу тарыхтын, Чоктон ысык илеби бул, ээ-эй. О, мезгилдин өктөмдүгү, ылдамдыгы, Кандай кезде жаралды экен «Сынган бугу»? Комуз кылын дирилдетип, Бириндетип бизге насаат ыр калдыбы, ээ-эй. Аппак марал ыры жаңырдыңбы сен, Аппак марал, кайра табылдыңбы сен? Аппак марал туяк кагат, Журт которгон сыяктанат. Каран күнгө, марал, кабылдыңбы сен? Каран күнгө, марал, кабылдыңбы сен, Конушуңдан үркүп жаңылдыңбы сен? Мөлтүлдөп аккан булак кайда, Моюндаш өскөн улак кайда? Кадырлуу журтту сагындыңбы сен? Эй, аппак марал, эй! Аппак марал, Артыңдан сая түшүп жебе келет, Көзүңдө жер айланат, тегеренет. Жебе келет, жөнө демек! Турбачы, ак марал, түңүлүп сен, Турбачы, ак марал, түңүлүп турба. Жебе жетпейт, чурка түйүлүп сен. Аппак ак марал, аппак марал жеңилбечи, Батат, батабы, батып барат өмүр кечи? Жебе келет, жөнө демек, Турбачы, ак марал, Жебе жетпейт, чурка түйүлүп сен. Ээ-эй! Жанып өтөбү, жебе жетеби, Тагдыр чыркырап, тамыр зыркырап. Марал кубулуп, Кайып болуп кет эми. Аппак марал, марал туяк кагат, Жебе жетпейт, жетет сыяктанат. Үмүт өчөт, үмүт кайра жанат. Жанып өтөбү, жебе жетеби, Билик бүлбүлдөп, Тагдыр чыркырап, тамыр зыркырап. Жетсең жебе, жет эми! Аппак марал, марал туяк кагат, Жебе жетпейт, жетет сыяктанат. Үмүт өчөт, үмүт кайра жанат. Бул насыйкат мага калган, Бул насыйкат сага калган. Калган керээз бабалардан: Канат байлап өмүргө, Каршы турган өлүмгө. Карылардан санжыра, Аппак марал жөнүндө. Карыбайт элдик ырлар, Талыбайт элдик үмүт. Жакшылыктан асты түңүлбөдүң, Аппак марал неге күлүңдөдүң?.. Смотрите также:Все тексты Аяна Касымова >>> |
|
This is a sermon, this is a sermon,
This sermon is left to me.
This exhortation is left to you,
The rest of the will is from the ancestors.
The sermon passed,
From the mountains, from the fields, oh.
The moon mourns,
Hang the pot on the horse's flame.
This is the wish of the people who came,
Of great history,
It's hot, isn't it?
Oh, the dominance of time, the speed,
When was the "Broken Deer" born?
Shaking the komuz string,
One by one, we were left with a song of advice, hey.
Did you sing the song of the white deer,
White deer, have you been found again?
The white deer beats its hooves,
The people seem to have moved.
Have you received the sun, deer?
Woe unto thee, Chorazin!
Are you afraid of your camp?
Where is the gushing spring?
Where is the kid who grew up with a neck?
Have you missed your homeland?
Hey, white deer, hey!
White deer,
Do not chase after them,
The earth revolves around your eyes.
The arrow wants to go!
Turbachi, white deer, you are disappointed,
Turbachi, white deer, do not despair.
You miss the arrow, you run.
White deer, white deer invincible,
Will it sink, will it sink, will it sink?
The arrow wants to go, so
Turbachi, white deer,
You miss the arrow, you run.
Uh-oh!
Will it burn, will the arrow reach,
Fate squeals, roots squeak.
The deer changed,
Get lost now.
White deer, deer hooves,
The arrow seems to be missing.
Hope is extinguished, hope is rekindled.
Will it burn, will the arrow reach,
Power shakes,
Fate squeals, roots squeak.
When you reach the arrow, reach now!
White deer, deer hooves,
The arrow seems to be missing.
Hope is extinguished, hope is rekindled.
This sermon is left to me,
This sermon is left to you.
From the other testamentary ancestors:
Wings tied to life,
Against death.
Genealogy of the Elderly,
About the white deer.
Folk songs,
Relentless people's hope.
You are not disappointed in goodness,
Why did you laugh at the white deer? ..